Ырчы Алсу «Голос» берүүсүндөгү кызы үчүн сатып алынган жеңиш үчүн кечирим сурады

Орусиялык ырчы Алсу беш жылдан кийин «Голос. Дети» шоу берүүсүндөгү кызы Микелланын адилетсиз жеңиши үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу ал Наталья Подольскаянын Youtube-каналында айтты.

Алсунун айтымында, бардык эле ата-эне баласын жакшы көрөт жана колунан келишинче жардам бергиси келет, бирок айрым учурда анын кесепетин эске албайт.

«Мен элдин алдында кечирим сурагым келет. Бул мен тараптан туура эмес болгон. Мен Микелладан, калган бардыгынан алдынан кечирим сурайм», — деген ырчы.

2019-жылы апрель айында «Голос. Дети» шоу берүүсүнүн финалында добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча күтүүсүздөн Алсунун кызы Микелла Абрамова жеңишке жеткен. Көпчүлүк мындай жыйынтыкка нааразы болуп, Казакстандан барган Ержан Максим аттуу катышуучу жеңүүчү болушу керектигин айтышкан.