Ырчы Алтынай Жайнаковага Ташкенттен операция жасалат

Ырчы Алтынай Жайнакова жакында Ташкентке барып, операция болорун айтат. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ырчы төмөнкүдөй маалымат берди.

«Мындан 2 жыл мурун бир жаман адам мага кедергисин тийгизген. Ошондон бери көпкө ойлонуп жүрдүм. Буюрса, Ташкенттен жакшы хирург таап, июль айында барууну пландадым. Азырынча кандай операция болорун айта албайм. Бирок ошол жаман окуяны эске салган нерседен толук арылсам дейм», — дейт Алтынай.