Ырчы Анжелика онлайн форматта окууга шарты жок окуучуларга смартфон белек кылды

Ырчы Анжелика онлайн форматта билим алууга мүмкүнчүлүгү жок окуучуларга смартфон тапшырды. Бул тууралуу ал SUPER TV`га билдирди.

“Жакындары коронавирус илдетинен каза болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жашоо-шарты начар 20 үй-бүлөнүн баласына смартфон белек кылдым. Ар бир уюлдук телефондун баасы – 6300 сом турат. Аны бир соода борбордун жүзү болгонум үчүн төлөнгөн гонорарга сатып алдым. Азыр онлайн окууга шарты жок дагы 1600 үй-бүлөнүн балдары кезекте турат. Алдыда компанияларды жарнамалоодон түшкөн жана Элсом номериме элден которулган каражаттарды онлайн билим алууга шарты жок окуучулар үчүн мүмкүнчүлүк түзүүгө жумшайм” дейт ырчы.

Айта кетсек, эпидемиологиялык абалга байланыштуу өлкөдө билим берүү онлайн форматта өтүп жатат.