Ырчы Ариана Гранде турмушка чыкты

15-майда дүйнөгө белгилүү ырчы Ариана Гранде Далтон Гомес аттуу риэлтор жигитке турмушка чыкты. Түгөйлөр 15-майда жашыруун той кылышып, ачыкка чыгарган эмес. Алар кечээ, 26-майда тойдо түшкөн фотолорун жарыялады.

Ырчынын бул жакшылыгына бир катар белгилүүлөр куттук айтышкан. Алар: модель жана актриса Ким Кардашьян, ырчы Жастин Бибердин жубайы Хейли Бибер, актриса Деми Ловато жана башкалар. Маалыматка ылайык, түгөйлөрдүн кыз-жигит катары мамиле куруп жүргөнүнө бир жылдан ашкан. Алардын чакан үлпөт тоюна 20 гана адам катышкан.