Ырчы Асел Кадырбекова автокырсыкка кабылгандан бери алгачкы ирет жүзүн көрсөттү

Ырчы Асел Кадырбекова автокырсыкка кабылгандан бери алгачкы ирет жүзүн көрсөттү. Ал социалдык тармактагы баракчасына баракчасына кыска, 9 секунддук видео жүктөгөн.

Ал эми кечээ, 29-октябрда ырчынын жолдошу Нурлан Насип Инстаграмдагы  баракчасына үй-бүлөсү менен чогуу түшкөн видео жарыялап, “бүгүн үй-бүлөм менен көчөгө чыгып келдик” деп жазган. Анда жубайлардын кызы менен ээрчишип басып баратканын көрүүгө болот.

Белгилүү болгондой, Асел Кадырбекова 26-июнда жол кырсыгына кабылып, катуу жаракат алган. Бир айдан ашуун убакыт ооруканада жаткан соң гана үйүнө чыккан ырчы буга чейин бир да жолу эл алдына чыгып, жүзүн көрсөтө элек болчу.