Ырчы Асел Кадырбекованын атасы: «Кызым жол кырсыгына кабылганда күнүбүз оорукананын коридорунда эле өтүп жатты»

СУПЕРТВ ырчы Асел Кадырбекованын атасы Кадырбек Абдивалиев менен маек курду. Кадырбек мырза кызынын ырчылык карьерасына болгон көз карашы кандай экенинен тартып көптөгөн элди кызыктырган суроолорго жооп берди.

Асел Кадырбекова былтыр кабылган жол кырсыгы тууралуу эскерип отуруп «Кызым жол кырсыгына кабылды дегенди укканда, кантип ооруканага жетип барганымды билбейм. Барсам апасы эшикте ыйлап жүрүптүр, кирели десек киргизбей коюшту. Күнүбүз коридордо эле өтүп жатты» дейт ырчынын атасы. Жол кырсыгына күнөөлүү болгон жигиттер менен жолугууга мүмкүнчүлүгү болбогонун айткан ырчы айымдын атасы «Кызымдын жөнөкөйлүгүн ушундан билсек болот, койгулачы мен жакшымын, ден соолугум жакшы деп жигиттерди кечирип койду, биз анын чечимине ынанып калдык. Алар деле атайын кылышпаса керек, жаштык-мастык кылышты» деди.