Ырчы Асел Кадырбекованын азан чакырылып, коюлган аты ким болгон?

Ырчы Асел Кадырбекованын атасы буга чейин эч бир массалык маалымат каражаттарына маек бере элек болчу. СУПЕРТВ үчүн берген эксклюзивдүү интервьюнун алкагында ырчынын атасы Кадырбек Абдивалиев кызы тууралуу кенен маек курду.

«Асел төрөлгөндө ысым ыйгаруу милдети менин апама жүктөлүп балдай ширин болсун, ханыша болсун деп аты Аселхан коюлган эле. Аны кийин кичине өзгөртүп алды», — дейт ырчы айымдын атасы.