Ырчы Асел Касымова туулган күнүн кантип белгиледи?

Ырчы Асел Касымова 27-апрелде 36 жашка чыкты. Бирок туулган күнүн кечээ, 28-апрель күнү Оштогу эс алуучу жайлардын биринде белгиледи. Бул тууралуу ырчы SUPERTV`га айтты.

“Жаш өткөн сайын туулган күндү майрам катары кабыл албай калат экенсиң. Бул жолу да туулган күнүмдү белгилеген эмесмин. Бирок жакын досторум, сахналаштарым “туулган күн өткөрөсүңбү, чогулабызбы?” деп сурай беришкендиктен, кечээ чакан белгилеп койдук”, — деди ал.