Ырчы Асема «Ала-Тоо» аянтында ырдап, сынга кабылган. Өзү бул тууралуу эмне дейт?

21-мартта «Ала-Тоо» аянтында Нооруз майрамына карата ырчылар ырдап, шаар тургундары менен конокторуна маанай тартуулашкан.

Ырчылар жаңы мыйзамга баш ийип, жандуу үн менен ырдашкан. Алардын арасында ырчы Асема да болгон. Социалдык тармактын колдонуучулары анын жандуу ырдаганын сынган алышкан. Ырчы айым SuperTV телеканалына маек берип жатып, бул сындарга жооп берди.

«Эл деген жандуу үнгө көнгөн эмес. Фонограмма дагы жакшы угулат, ырчы да жүдөбөйт. Ошого көнүп калган эле. Аны мен кадимки эле көрүнүш катары кабыл алдым. Талап кылынды, мен аткардым. Эртеси күнү эле Ютубда жүрөм го. Жакшы аппаратура керек. Жакшы микрофон керек. Даярдык керек. Мен үй-бүлөлүү адаммын. Эгер мен вокал деп жүрө берсем, анда үй-бүлө калып калат. «Тональность» ылдый болуп, тамагым кысылып калыптыр. Ырдап жатканда ал мага сезилген эмес. Мени хит кылышты, рахмат. Мунун артында бир киши турат. Бул мени күчтүү кылат», — деди ал.