Ырчы Аскат Мусабеков эми Улуттук консерваторияда сабак берет

Ырчы Аскат Мусабеков Улуттук консерваторияга мугалим болуп кабыл алынды. Бул тууралуу ал өзү жазып чыкты.

«Бүгүн мен үчүн дагы өзгөчө күн болду. Өзүм учкан алтын уяма, Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясына, мугалим болуп кабыл алындым. Келечекте Улукмырза агайымдай болгон устат болсом деген тилегим бар. Ишенип берилген милдетти актоого бардык күчүмдү жумшайм»,- деп жазды ал.