Ырчы Аваз Акимов менен Айдана Дека ак өргөөлүү болушту (видео)

Ырчы Аваз Акимов менен анын жубайы ырчы Айдана Дека ак өргөөлүү болушту. Алар жагымдуу жаңылыгын соцтармактагы баракчасына жарыялап, видео менен бөлүштү.

Видеодон көргөндөй, түгөйлөр үйүн эң биринчи ата-энелерине көргөзүшкөн. Ал эми мурдагы үйүн сахналашы, санаалашы Илгиз Абдалиевдердин үй-бүлөсүнө сатышкан.