Ырчы Аяна Касымова турмушка чыгат. Сүйүктүүсү ырчынын туулган күнүндө колун сурады

23 жашка толгон Аяна Касымова туулган күнүн белгилеп жатканда сүйүктүүсү колун сурады. Турмушундагы жагымдуу бурулушка ырчы кыз «ооба» деп жооп берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Азырынча той качан экени белгисиз.

Аяна Касымова 1999-жылы Бишкек шаарында туулган. Ал 3 жашынан баштап «Ак Шоола» балдар хоруна барган. Аяна Касымова ырчы Айыма Айылчиева менен биргеликте «Атам менен энеме» жана өзү «Сүрөтүңө» ырларын жаңыртып ырдагандан кийин калың элге таанылган.