Ырчы Азалия экинчи наристесин күтүп жатканын ачыктады

«Кыз-Бурак» тобунун мурунку солисти, учурда жеке ырчы Азалия экинчи наристесин күтүп жатканын ачыктады. Ал социалдык тармактагы баракчасына сүрөт жүктөдү.

«Кыз же уул экенин билебиз. Эгер «жакты» баскычынын саны 1 миңден ашса, «гендер патинин» видеосу менен бөлүшөм», — деп жазды ал.

Азалия эне статусуна өткөн жылдын 9-май күнү ээ болгон. Ал Түркияда көз жарган.