Ырчы Азалия Эл аралык сулуулар сынагына катышууга чакыруу алды

Ырчы Азалия Дүйшөналиева Эл аралык сулуулар сынагына катышууга чакыруу алды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Miss Global-2021” Эл аралык сулуулар сынагына катышуу үчүн расмий чакыруу алдым. Сынак ушул жылдын 30-августунда башталып, 13-сентябрга чейин уланат. Өтө турган жери — Индонезиянын Бали аралы. Кубанычым койнума батпай турат. Бирок сынакка катышсамбы же жокпу чече албай жатам. Сиздерден кеңеш күтөм”, — деп жазган ал.

Айта кетсек, Азалия Дүйшөналиева буга чейин Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн «Miss Cosmopolitan World-2018» жана Египетте өткөн «Miss Eco International» сулуулук сынактарына катышкан.