Ырчы Азалия менен жолдошу АКШда никесин расмий каттатышты (сүрөт)

Ырчы Азалия менен жолдошу АКШда никесин расмий каттатышты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Биз Америка Кошмо Штаттарынын мыйзамдары боюнча баш коштук», — деп жазды ырчы айым. 

Буга чейин Азалия үй-бүлөсү менен АКШга көчүп кеткенин айткан. Маалыматтарга ылайык, жолдошу АКШнын жараны болгондуктан ал визага документ тапшырып, көп убакыт күткөн. «Бул жакта жашайбыз, отурукташабыз. Албетте, сагынганда Кыргызстанга барып турабыз»,- деп жазган ал.