Ырчы Азалия менен жолдошу АКШда үйлүү болгонун сүйүнчүлөдү

Ырчы Азалия менен жолдошу АКШда үйлүү болду. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Жакшы жаңылыгыбыз менен бөлүшчү убакыт келди. Ак өргөөлүү болдук, достор! Биз батирди ижарага алгыбыз келген, бир нече варианттарды карап чыккандан кийин, жеке үйлөрдү карап көрүүнү чечтик. Издөөнүн биринчи күнү мага бир үй жакты. Бир нече күн ойлонуп, ар кайсы аймактарды кыдырып жүрүп, акыры биринчисин алалы деп чечтик. 25-майда биз каттатканы бардык», — деп жазды ал.