Ырчы Азалия Түркияда көз жарды

«Кыз-Бурак» тобунун мурунку солисти, учурда жеке ырчы Азалия эне статусуна ээ болду. Ырчы айым кечээ, 9-май күнү көз жарды. Тун наристесин колуна алып, кубанып турган Азалия СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүдөй маалымат берди.

«Улуу Жеңиш күнү көз жарам деп такыр оюма келген эмес. Кечээ 10 сааттан ашык толготуп, кызыбыз жарыкка келди. Төрөт залдан палатага келсем Данияр палатабызды ар кандай гүл, шарлар менен кооздоп коюптур. Күтүлбөгөн, абдан жагымдуу сюрприз болду. Азырынча кызыбызга ат коюла элек. Чоң атасын күтүп жатабыз», — дейт Азалия.