Ырчы Азалия үй-бүлөсү менен АКШга көчүп кеткенин айтты

Ырчы Азалия үй-бүлөсү менен АКШга көчүп кеткенин айтты. Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында катталуучулардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Андагы маалыматтарга ылайык, жолдошу АКШнын жараны болгондуктан ал визага документ тапшырып, көп убакыт күткөн. «Бул жакта жашайбыз, отурукташабыз. Албетте, сагынганда Кыргызстанга барып турабыз»,- деп жазды ал.

Ырчы айым буга чейин экинчи наристесин күтүп жатканын ачыктаган.