Ырчы Азиз Батыров өзбекстандык телеканалда конок болуп, жандуу ырларды аткарды (видео)

Ырчы Азиз Батыров Өзбекстандагы «Зор» аттуу телеканалга конок болуп, жандуу үн менен өзбек туугандарга чыгармачылык өнөрүн көрсөтүп келди. Бул тууралуу ырчы мырза СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«24-июнь күнү Өзбекстандагы эң алдыңкы телеканалдын бири болгон «Зор» телеканалына барып, «Ассалом» берүүсүнө катышып келдим. Өзбекстандык музыканттардын коштоосунда жандуу ырдадым,  комуз менен ырдадым, айтор, кыскача концертимдин тартууладым. Ал телеканалды республика гана эмес, Орто Азиянын эли көрүшөрүн айтышты», — дейт ырчы мырза.