Ырчы Азиз Батыров түрк тилдүү улуттар аралык фестивалга чакыруу алды

Ырчы Азиз Батыров Түркияда өтө турган түрк тилдүү улуттар аралык фестивалга катышууга чакыруу алды. Бул тууралуу ал SUPERTV`га билдирип, төмөнкүлөргө токтолду.

“Фестивалга 18-20 мамлекеттин өнөр адамдары катышат. Кыргыз өлкөсүнүн атынан мен жана шакирттерим “Ынтымак” тобу чакыруу алды. Буюрса, элибиздин салттуу музыкасын, улуттук кийимдерин татыктуу даңазалап келүүгө камынуудабыз. Ошондой эле фестивалдын уюштуруучулары менен Түркиянын Стамбул жана Ялова шаарларында жеке концертимди өткөрүп берүү боюнча да макулдаштык”, — дейт ал.