Ырчы Азиз Батыровдун апасы көз жумду

Ырчы, дастанчы Азиз Батыровдун апасы Сабира Үсөнбай кызы 60 жашында көз жумду.

«Апам ооруп жүрчү эмес, кокустан эле ооруп калды. Операция болду. Анан эле ушундай болуп кетти. Кечээ жерге бердик», — деди ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Азиз Батыровдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.