Ырчы Азиз Батыров “Ынтымак” тобу менен бирге Түркияда өткөн эл аралык фестивалда 1-орунду жеңип алды. Мындай жагымдуу кабары менен ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
«Жеңишиң кут болсун Кыргызстан! Кыргызстан 1-орунду багындарды. Бизди колдогон баардык мекендештерибизге терең ыраазычылык билдиребиз»,— деди ал.
«Түрк урууларынын маданият фестивалы» быйыл 16-20-июль күндөрү өтүп, ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Татарстан жана башка жыйырмага жакын мамлекеттердин өнөрпоздору катышкан.