Ырчы Азур турмушка чыгып, балалуу болгонун жар салды (видео)

Чыгармачылыктан алыстап кеткен ырчы Азур жаңылыгы менен бөлүштү. Ал турмушка чыкканын айтты.

«Турмуш жолуна узап, бир баланын энеси болдум. Үйдө бала тарбиялап отурам. Кайра чыгармачылыкка кайтамбы билбейм, азыр башка чөйрөдө жүрөм. Сулуулук тармагында эмгектенип жатам, бирок шоу чөйрөсүнөн баары бир алыстай албайт экенсиң. Азыр эс алуудамын», — деди ал.