Ырчы Байэл үйлөнүп, Ильяз Абдыразаков өкүл ата болду

“Сени гана”, “Көздөрүң кара” деген ырлары менен таанылып келе жаткан ырчы Байэл бойдокчулук менен коштошту. Ал сүйүктүүсү Элизатка баш кошуп, аларга өкүл ата, өкүл апа болуп ырчы Ильяз Абдыразаков менен келинчеги шайланды.

“Келинчегим 19 жашта, Кадамжайдын кызы болот. Биздин ата-журт, кайын-журтубуз Баткенде болгондуктан, үлпөт той да ошол жактагы тойканалардын биринде болду. Ал эми өзүбүзгө өкүл ата, өкүл апа кылып Ильяз Абдыразаков менен жубайын шайладык. Биз 1-2 ай айылда кызмат кылып, андан соң борборго барабыз”, — дейт ырчы.