Ырчы Бактияр Токторов: «Элге ачык жерде 4-5 сааттык бекер концерт берүүнү пландап жатабыз» (видео)

Учурда «Буй-буй» ырынын популярдуулугу артып, эл арасында плагиаттыкка да шектелип жаткан аталган чыгарманын автору Бактияр Токторов SUPERTV каналына маек курду. Маек учурунда ал сахнада жүргөнүнө 30 жылдык юбилейинин урматына элге ачык асман алдында бекер жандуу концерт берүүнү пландап жатканын маалымдады.

— Быйыл күзгө жакын уруксат беришсе, балким, «Ала-Тоо» аянтына, балким, башка жакка 30 жыл мурун кандай болсо, ошондой форматта концерт берели деп жатабыз. Концертте 50 чакты ыр ырдалса, 4-5 саатка барат. Концерт баарына бекер болот», — дейт ырчы.