Ырчы Бакыт Мамаев жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ага тез арада операция керек

Ырчы, обончу, тамада Бакыт Мамаев оор абалда ооруканада. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жээни Нуркыз Рыскул кызы билдирди.

Анын айтымында, унаада бара жатып эле өзүн начар сезе баштаган. «Ооруканага алып барса, мээсине кан куюлуп кетиптир. Кан каракуш мээге уюп калып, мээни кысып жатыптыр. Операцияга 7-ноябрга чейин 10 миң доллар керек экен», — деди ал.

Ал ошондой эле Мамаевдин учурда Бишкектеги ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатканын айтты.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн:

Мбанк: 0773876789 (Бактыбек М)

Банк эсеби: 4177490161386687

SUPERTV телеканалына мындан 6 күн мурда Бакыт Мамаев бүгүнкү күнү Бишкек шаарынын четиндеги жаңы конушта үйүнүн короосунда каз, өрдөк, тоок багарын айтып, хоббисин бизнеске айланткан ал «аталган канаттуулардын эти, майы, алтургай жүнү да пайдага жарайт» деген. Видеомаекте Мамаев «каз-өрдөгүмө досторумдун атын коюп алгам» деп күлдүргөн.