Дайыр Исмадияров: «Кош, Бегимай! Жаткан жериң жайлуу болсун»

Бүгүн, 17-январга караган түнү ырчы Бегимай Бекбоева көз жумду. Бул тууралуу ырчы Дайыр Исмадияров соцтармактагы баракчасына жазды.

Кош бол, Бегимай. Жаркылдаган кыз элең, неге анча шаштың? Жаткан жериң жайлуу болсун”, — деп жазды ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Дайыр Исмадияровго байланышканыбызда бул суук кабарды жакындарынан укканын жана башка чоо-жайынан кабарсыз экендигин билдирди. Анын айтымында, ырчынын сөөгүн бүгүн, 17-январда Кочкорго алып кетишет. Ырчынын эмне себептен каза болгону тууралуу азырынча айтыла элек.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Бегимай Бекбоеванын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.