Ырчы Бейшебай Талантбеков алгачкы жолу унаалуу болуп, кубанып турганын айтат. “Мен алганым менен, рулга дээрлик отурбайм. Көпчүлүк учурда жубайым айдайт” деген Талантбековдун маегин көрүңүз.
«Апамдын каза болгонуна 4 жыл болуп баратат. 41 жашында көз жумду. Анда мен 20 жашта болчумун. Апам аты жаман оору менен ооруп калды. 2 жылдай алышып, өтүп кетти. Жоктойсуң. Үйдө жакшылык болгондо жоктугу билинет. Кейийсиң. Жакшы нерселерди мага апам көп айтчу. Үй-бүлө курганымды апам көрсө болмок. Келинчегимди көрсө, башкача сезим болмок. Неге мындай болуп калгам деп ойлоносуң. Мен башкалардай болсом, ушундай аракетчил болот белем билбейм»,- деди ал.