Ырчы Бейшебай Талантбеков: «Үй-бүлө курганымды апам көрсө болмок»

Ырчы Бейшебай Талантбеков алгачкы жолу унаалуу болуп, кубанып турганын айтат. “Мен алганым менен, рулга дээрлик отурбайм. Көпчүлүк учурда жубайым айдайт” деген Талантбековдун маегин көрүңүз.

«Апамдын каза болгонуна 4 жыл болуп баратат. 41 жашында көз жумду. Анда мен 20 жашта болчумун. Апам аты жаман оору менен ооруп калды. 2 жылдай алышып, өтүп кетти. Жоктойсуң. Үйдө жакшылык болгондо жоктугу билинет. Кейийсиң. Жакшы нерселерди мага апам көп айтчу. Үй-бүлө курганымды апам көрсө болмок. Келинчегимди көрсө, башкача сезим болмок. Неге мындай болуп калгам деп ойлоносуң. Мен башкалардай болсом, ушундай аракетчил болот белем билбейм»,- деди ал.