Ырчы Бек Исраилов Астанада өткөн эл аралык сынакта 1-орунду багындырды (видео)

Ырчы Бек Исраилов Астанада өткөн Роза Багланова атындагы вокал боюнча эл аралык сынакта 1-орунду алды. Бул тууралуу анын жубайы социалдык тармактагы баракчасында жазды.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева сынакта калыстар тобунун курамында болгон.