Ырчы Бек Исраилов дагы бир эл аралык сынакка катышууну пландоодо

Беларусь өлкөсүндө өткөн «Славян базары» эл аралык сынагында 3-орунду багындырган ырчы Бек Исраиловго Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасы ыйгарылды. Бул тууралуу ырчы мырза СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«Бүгүн министр Азамат Жаманкуловдун кабыл алуусунда болдум. Министр ыраазычылыгын билдирип, куттук сөзүн айтып, министрликтин Ардак грамотасын тапшырды. Ошондой эле алдыдагы пландар боюнча, менин дагы алдыда барчу эл аралык сынактарым тууралуу сүйлөштүк», — дейт ырчы мырза.