Ырчы Бек Исраилов Орусиядагы «Ну-ка, все вместе!» сынагына катышып жатат

Ырчы Бек Исраилов Орусиядагы «Ну-ка, все вместе!» сынагына катышып жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын менеджери билдирди.

«Мурдагы жылы «Славян базары» сынагына барганда чакыруу келген. Катышып жатат. Буюрса, жарым финалга чыкты. Жарым финал 27-августта болот. Финалга өтүп калса, финалдык баскыч сентябрда өтөт. Эфир экранга финалдан кийин болжолдуу 5-сентябрдан кийин чыгат экен. Ал эми сынакка ар кайсы мамлекеттен катыша берсе болот. Ырлар боюнча сүйлөшүүлөр болуп, макулдашылат. 3 баскычтан турат. Тандоо туру, жарым финал, анан финал. 100 калыс болуп, ырчынын үнүнө, тембрине карап тандашат», — деди ал.

«Ну-ка, все вместе» — элдик шоу, популярдуу британ «All together now» форматынын аналогу. Бардык стилдердин жана багыттардын өкүлдөрү өздөрүнүн вокалдык талантын көрсөтүшөт жана аларды жүз адам баалайт.