Ырчы Бек Исраилов Орусиядагы «Ну ка, все вместе!» сынагынын жарым финалына өттү (видео)

Кыргызстандык ырчы Бек Исраилов Орусиядагы «Ну ка, все вместе!» музыкалык сынагына катышып, жарым финалына чыкты.

Сынактын шарты боюнча, залда отурган 100 эксперттин эң көп добушун алган катышуучу кийинки этапка өтөт. Исраилов 100 музыкалык эксперттин 99унун добушуна ээ болду.