Ырчы Бек Исраилов «Славян базары» сынагында «Я люблю тебя до слёз» ырын аткарды (видео)

16-июль күнү Беларусь өлкөсүнүн Витебск шаарында өткөн «Славян базары» музыкалык сынагынын биринчи конкурстук күнү өтүп, мекендешибиз ырчы Бек Исраилов Александр Серовдун «Я люблю тебя до слёз» аттуу ырын аткарды. Орусиянын Эл артисти Ларида Долина баш болгон калыстар тобу ырчы мырзага жалпы 69 упай беришти.

Белгилей кетсек, музыкалык сынактын экинчи турунда дүйнөлүк хит ырлары аткарылат.