«Тойго кызуу даярданып жатабыз». Ырчы Джонни бойдокчулук менен коштошот

Ырчы Джонни сүйүктүүсүнө баш кошуу алдында турат. Маалыматты ырчы өзү тастыктап, учурда тойго кызуу даярдыктар жүрүүдө дейт.

«Буюрса 29-ноябрда кыз узатуу, ал эми 2-декабрда үйлөнүү тоюбуз болот. Тойлор Бишкек шаарында өтөт. Азыр кызуу даярдыктар жүрүп жатат» дейт ал.

Айта кетсек, Джонни 2019-жылдан тартып Айжан аттуу бийкеч менен кыз-жигит мамилесинде жүрүп, ушул жылдын февраль айында сөйкө салган.