Ырчы Элдос Алмаз эмне үчүн 6 жыл үй-бүлөсүн жашырган? Өзүлөрүнүн жообу

«Күткөн күн келди» ыры менен коомчулукка таанылган ырчы Элдос Алмаз келинчеги, апасы менен SuperTV`да конокто болду. Маек учурунда ырчынын жубайы Гүлдана айым 6 жыл бою эмне үчүн көшөгө артында болгонун, кандай сыноолордон өтүшкөнүн айтып берди.

«Ашыкча сөз болбосун деп жашырып жүргөнбүз. Бир жолу интервьюм чыкканда эле ага жазылган пикирлер жетиштүү болгон. Мен аны көтөрө берем, бирок эне деген эне экен да», — деди ырчы.

«Бул менин тандоом болгон. Элдос ырдай баштаганда, бул идеяны мен айткам. Чыгармачылык башка, үй-бүлө башка болсун деп айткам. Мен чыгармачылыкка жакын адам эмесмин. Маек бергенде «үйлөнгөн эмесмин» десе бир башкача болуп кетет элем», — деди жубайы.