Ырчы Эрлан Андашев АКШдан үй алды

Учурда бир топ хит ырларды жаратып жүргөн АКШда жашаган мекендешибиз, ырчы Эрлан Андашев үйлүү болду.

Аталган маалыматты Огайо штатында кыймылсыз мүлк агенттигинде иштеген агент Таня Червински социалдык баракчасына жүктөгөн.

«Жүрөк кайсы жерде болсо, үйүңүз да ошол жерде. Сиздерге рахмат. Ишиңиздерге ийгилик каалайм», — деп Эрлан Андашев менен жубайы Перизат Копобаеванын жаңы үйдүн жанында түшкөн сүрөтүн жүктөгөн.

Маалыматка ылайык, үй АКШнын Огайо штатындагы Лавленд шаарында жайгашкан.