Ырчы Эрлан Андашев «Ашыгым» ырын түркчө ырдап чыкты

Учурда АКШда жашап, чыгармачылыгын ийгиликтүү өнүктүрүп жаткан ырчы Эрлан Андашев «Ашыгым» аттуу популярдуу ырын түрк тилине которуп ырдап чыкты. Бул тууралуу ырчы социалдык баракчасына бөлүшкөн.

«Түрк тилдүү угармандарыбыздын суранычы боюнча жакында “Ашыгым” аттуу ырыбызды түрк тилине которуп, «Can Yoldaşım» аталышта ырдап чыктык. Учурда ырга клип тартуу менен алекпиз», — деп билдирген Эрлан Андашев.