Ырчы Эрлан Андашев Кыргызстанга келди. Аны өзүнүн ыры менен тосуп алышты

Учурдун хитмейкери аталган ырчы Эрлан Андашев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Буйруса аман-эсен мекенибизге келип алдык, кубанычыбызда чек жок. Бардык туугандарга, досторума ысык тосуп алганыныздарга чоң рахмат. Музыкант ини, байкелериме өзгөчө ыраазычылык»,- деп жазды ал. Видеодон көрүнгөндөй аны өзүнүн ыры менен тосуп алышкан.

Буга чейин ырчы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине «жакынкы аралыкта Кыргызстанга үй-бүлөм менен барам. Эл, күйөрмандарым ошончо келгенден кийин концерт коюп кет деп суранышканынан 23-24-сентябрда Бишкектеги Спорт Ордосунда жеке концертимди берүүнү чечтим»,- деген.