Ырчы Гүлжигит Калыков уулдуу болду

Бүгүн, 26-июнда ырчы Гүлжигит Калыков дагы бир уулдуу болду. Буга чейин жубайы экөө бир кыз, бир уулду тарбиялап келишкен.

«Биз бүгүн үчүнчү жолу ата-эне болдук. Толкундоо сезими биринчи жолкудай эле. Эң башкысы ден соолугу бекем болсун», — деп ырчынын жубайы соцтармактагы баракчасына жазды.