Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы тазалыкчы айымдарга гүл берип, көңүлүн көтөрдү (видео)

«Тазалык-феяларын кубанткым келди» деп ырчы Гүлназ Чыныбек кызы социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Баарыбыз таңкы таттуу уйкуда жатканда, бул феялар колуна сыйкырдуу шаймандарын алып, бизге тазалык камсыздоо үчүн чыгышат. Бир дагы аба ырайы кызыктырбайт. Суукпу, ысыкпы, жамгырбы, карбы?! Эң башкы талап шаар ойгонуп, кыймылга киргиче тазалыкты камсыз кылуу. Бир айда бир, бир жумада бир эмес, күнүгө ушул көрүнүш. Баарыбыздын атыбыздан айымдарыбызга ыраазычылык билдирип, бир аз да болсо таңкы маанай тартуулоого аракет көрдүк. Бар болуңуздар, тазалык-феялары!» — деп жазды ал.