Ырчы Хадижа Камалидинова эмне үчүн хиджабды чечти? Жолдошу жооп берди

Биз бул жолу шоумен Дастан Махамадмурзаны студияга конокко чакырдык. “Үй-бүлөлүү болгондон бери жоопкерчиликтүү, токтоо болуп калдым. Жубайым Хадижа Камалидинова менен чыгармачыл чөйрөдө жүрүп таанышканбыз” дейт ал. Ошондой эле ал үй-бүлөсүнүн дарегине айтылган айрым пикирлерге жооп бере кетти.

«Жоолук боюнча план бар болчу. Өзү деле айтып калчу. Мен жакшы эле реакция кылдым. Намазник кийип, намаз окучу. Бир күнү үйгө келсем ошол менен жүргөн экен. Мага сонун көрүндү. Орозо айында медресе чай берет. Ошол жакка барат. Ал жерде 100дөн ашуун эжелер хиджаб кийет. Анан Хадижа менен Динара деген эже эшикке чыгып кетет. Анан кирип эле жоолук салынарын айтат. Апама да күтүүсүз болгон экен. Мага чалып сүйүнчүлөштү. Мага мурдагыдан да сулуу көрүндү. Ичим тынч болбой жатты. «Жакшы ойлондуңбу?» дедим. «Ооба» деп айтты. Каршылыктар болорун билгенбиз. 15 күндөн кийин биз корккон реакциялар башталды. «Мен ушундай сөздөрдү уктум, чечет окшойм» деди. Мен анда да колдойм дедим», — деди ал.