Ырчы Ишен Назаров: «Бекжан Темирхан үйлөнө электе эле мени ата дечү»

Кечээ, 11-декабрь күнү Бишкек шаарында жол кырсыгынан каза болгон ырчы Бекжан Темирханды эскерүү концерти болуп өттү. Маркум ырчынын ата-энесине борбордон үй алып берүү максатында уюштурулган концертке эл абдан көп келди.

Маркумдун өкүл атасы Ишен Назаров бир туугандан да жакшы сүйлөшүп калганын, күнүнө 5-6 жолу чалып, көңүлүн көтөрүп каларын айтты. «Бекжан эмне иш жасаса да кеңешип, жакшылыгы болсо, бөлүшүп турчу. Бекжан үйлөнгөнгө чейин эле «ата, атам» деп жүрчү. Үйлөнгөнүнө аз эле болгон. Чайлашып деле жакшы отура албай калдык. Өзүнүн концерт берем деген ниеттери бар эле», — деди ал.