Ырчы Жан Сабыров сүйүктүүсүнүн колун сурады (видео)

Ырчы Жан Сабыров клип тартуу учурунда сүйүктүүсүнүн колун сурады. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын продюсери менен байланышканыбызда, окуяга ага да «сюрприз» болгонун айтты.

«Кыздын аты Милана. Кыякчы. Улуттук консерваторияда 2-курста окуйт. Мага да күтүүсүз болду. Экөөнүн мамилеси тууралуу мен билчү эмесмин», — деди ал.

Ал эми ырчы социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн видеодон сүйүктүүсүнүн колун клип учурунда сураганын көрүүгө болот.