Ырчы Жонни ата статусуна ээ болду

Ырчы Жоннинин жубайы көз жарды. Сүйүнүчтүү кабары менен соцтармактагы баракчасына жазды.

Биз ата-эне болдук” деген ырчы жубайына ыраазычылык билдирди.

Ырчы буга чейин наристе күтүп жатканын ачыктаган. Алар кутудан учуп чыккан шар менен наристенин уул болорун билишти. Жонни 2020-жылы декабрь айында үйлөнгөн.