Ырчы Кайрат Примбердиевди жана анын үй-бүлөсүн өлтүрүп кетебиз деп коркутуп жатышат

Ырчы Кайрат Примбердиевди жана анын үй-бүлөсүн өлтүрүп кетебиз деп коркутуп жатышат. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап билдирди. Анын айтымында, ырчы. билдирүүнү аргасыздан жаздырып жатат.

«Акыркы учурда мага жана менин үй-бүлөмө карата коркутуулар токтобой, коркунуч жаралды. Буга министр Нуржигит Кадырбековдун билдирүүсү себеп болду деп эсептейм. Балким, ал иш бөлмөсүнө чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, долбоорду улантпоону суранса, анда видеону өчүрүп салмакпыз жана бул иш бүтмөк. Бирок биз күнөөнү мойнубузга алып, кечирим сураганыбызга карабастан, коркутуулар жана кол салуулар уланууда. Ар ким өз ишин кылсын”, — деп кайрылды Кайрат Примбердиев.

Ал кошумчалагандай, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, ошондой эле бөлүм башчы өз ыйгарым укуктарынын чегинде андан Эмгек сиңирген артист наамын жокко чыгара албайт. «Мунун жүйөлүү себептери болушу керек. Министрликке жетиштүү жоопкерчиликтер жүктөлгөн. Бул театрлардын, китепканалардын жана башка маданий мекемелердин шарттарын жакшыртуу, ошондой эле маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга көмөктөшүү. Министрлик жазага тартуу иши менен алектенбөөсү керек», — деп кошумчалады ырчы.