Ырчы Калыс Айтбаев 22 жашында министрдин “Ардак грамотасы” менен сыйланды

Ырчы Калыс Айтбаев 22 жашында Маданият министри Алтынбек Максутовдун “Ардак грамотасы” менен сыйланды.

«Кубанычтамын! Маани бербечү экем, бирок мамлекет тарабынан болгон көңүл буруу адамды кыйла шыктандырат экен. Сиздердин колдооңуздар мага ар дайым дем-күч берет! Рахмат.

Мени куттуктап жазган жакындарыма, күйөрмандарымдын ар бирине терең ыраазычылыгымды билдирем», — деди ал.

Ырчы мырза Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жалпы жамаатына да ыраазычылыгын билдирип, өлкөгө болгон кызматын өмүрдүн аягына чейин аткара берерин айтты.