Ырчы Канат Деркембаев сүйүктүүсүнө баш кошту (видео)

Ырчы Канат Деркембаев сүйүктүүсү Айзуура аттуу айымга баш кошту. Түгөйлөрдүн үлпөт тою шаардагы тойканалардын биринде өтүп жатат.

Тойдогу күйөө жолдоштук милдет алып баруучу Максат Доврановго артылса, жаш түгөйлөрдү тойканага «Жар-жар» ыры менен Неля Нуркулова киргизди. Ошондой эле, алардын жакшылыгына бардык жакындары жана сахналаштары күбө болуп турган чагы.

Канат Деркембаев ырчы Айдана Деканын бир тууган агасы.