Ырчы Канат Деркембаев уулдуу болду

Ырчы Канат Деркембаев уулдуу болду. Бул тууралуу ырчынын апасы Жылдыз Деркембаева социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал эми ырчынын жубайы сүрөт менен бөлүштү.

«Бул күн биздин жашообуздагы эң бактылуу күн. Уулум, биздин үйгө кош кел. Биз сени жакшы көрөбүз», — деп жазды ал.

Ырчы Канат Деркембаев менен сүйүктүүсү Айзуура былтыр баш кошушкан. Канат Деркембаев ырчы Айдана Деканын бир тууган агасы.