Ырчы Каныкей: «35 жашка чыктым. Бул жаш жашоонун ортолоп калган учуру деп ойлойм»

Кыргыз эстрадасындагы өзгөчө стилдүү, өзгөчө үндүү ырчы Каныкей акыркы жылдардагы жашоосундагы чоң бурулуштарды айтып берди. «Ден соолукка байланыштуу көп сыноолорго туш болгондон кийин ар бир мүнөттү баалап жашап калдык» дейт ырчы айым.

«Билинбей эле 35 жашка чыгып калыптырмын. Жан дүйнөбүздө кичинекей кызбыз. Стилист менен жаңы образ иштеп чыктым. Мен образым аркылуу ар бир айымдын ичинде кичинекей кыз жашайт дегенди бергим келди. Мен 35 жашта болсом дагы, жан дүйнөмдө жаш, бактылуу сезем», — деди ал.